Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) VI сессиясы
2017-жылдын 08-сентябры № 31
Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча “Сүлүктү Таза суу канал” МИ аткарган иштери жөнүндө
Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча “Сүлүктү Таза суу канал” МИ аткарган иштери жөнүндө “Сүлүктү Таза суу канал” МИ жетекчиси А. Эрискуловдун отчетун, шаардык кенештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамдарынын жана тийиштүү укуктук ченемдик актылардын талаптарынын негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча “Сүлүктү Таза суу канал” МИ аткарган иштери жөнүндө “Сүлүктү Таза суу канал” МИ жетекчиси А. Эрискуловдун отчету кабыл алынсын.
2 Сүлүктү шаарынын тургундарынын ичүүчү таза суу менен камсыз кылынышын жана кышка даярдыгын аныктоо боюнча 7-июль 2017-жылы шаардын мэри бекиткен иш чараны шаардын вице-мэринин милдетин аткаруучу А.Кулдашев, “Сүлүктү Таза суу канал” МИ жетекчиси А. Эрискулов ж.б тийиштүү кызматкерлер тарабынан жетишсиз аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Шаардын калкын ичүүчү таза суу менен өз убагында камсыз кылуу жана кышка даярдыгы боюнча мэрия тарабынан түзүлгөн комиссиянын сунуштарынын негизинде кечиктирилгис иш чараларды түзүп анын аткарылышы туралуу шаардык кеӊешке 2017-жылдын 15-октябрына чейин билдирүү жагы “Сүлүктү Таза суу канал” МИ жетекчиси А. Эрискуловдон жана Сүлүктү шаарынын биринчи вице мэри Б.Ташевден талап кылынсын.
4. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнө, коомдук өз алдынча башкаруу органдарына, мекеме, уюм жана ишканалардын жетекчилерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ичүүчү таза суудан пайдаланууну шаардын Уставынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Ичүүчү суу жөнүндө” Мыйзамдарынын жана тийиштүү укуктук ченемдик актылардын талаптарына ылайык жүргүзүү жагы сунушталсын.
5.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын I- вице мэри Б.Ташевден талап кылынсын, көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясын жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |