Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) VI сессиясы
2017-жылдын 08-сентябры № 32
Сүлүктү шаарынын калкынын тазалыгын камсыз кылуу боюнча “Сүлүктү-Тазалык” МИнын аткарган иштери жөнүндө
Сүлүктү шаарынын калкынын тазалыгын камсыз кылуу боюнча “Сүлүктү-Тазалык” МИнын аткарган иштери жөнүндө “Сүлүктү-Тазалык” МИ жетекчиси К. Мадаминовдун отчетун, шаардык кенештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарынын негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын тазалыгын камсыз кылуу, айлана чөйрөнү көрктөндүрүү жашылдандыруу боюнча “Сүлүктү-Тазалык” МИнын аткарган иштери жөнүндө “Сүлүктү-Тазалык” МИ жетекчиси К. Мадаминовдун отчету кабыл алынсын.
2 “Сүлүктү-Тазалык” МИ жетекчиси К. Мадаминовдун аткарган иштери канаатандыралдык деп табылсын.
3. Шаардагы таштандыларды сапаттуу тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча кошумча иш чараларды түзүп анын аткарылышы туралуу шаардык кеӊешке 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча билдируу жагы “Сүлүктү-Тазалык” МИ жетекчиси К. Мадеминовдон жана Сүлүктү шаарынын биринчи вице мэри Б.Ташевден талап кылынсын.
4. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынан, коомдук өз алдынча башкаруу органдарынан, мекеме, уюм жана ишканалардын жетекчилеринен жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынан шаардын тазалыгын сактоону көрктөндүрүү жана жашылдандырууну шаардын Уставынын, Кыргыз Республикасынын тийиштүү укуктук ченемдик актылардын талаптарына ылайык жүргүзүү жагы суралсын.
5.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясын жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |