Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) VI сессиясы
2017-жылдын 08-сентябры № 33
Шаардагы орто мектептердин, балдар бакчаларынын жаны окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө шаардын вице-мэринин билдирүүсү
Шаардагы орто мектептердин, балдар бакчаларынын жаны окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө шаардын вице-мэринин билим берүү, маданият, жаштар, спорт, мамлекеттик тил жана каада салтар боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, ”Билим берүү жөнүндө” Мыйзамдарынын талаптарына ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шаардагы орто мектептердин, балдар бакчаларынын жаны окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө шаардын вице-мэри М.Э Сапаркулованын билдирүүсү кабыл алынсын.
2. Шаардагы орто мектептердин, балдар бакчаларынын жетекчилериден мамлекеттик билим берүү стандартарынын талаптарына ылайык билим берүү программаларынын аткарылышын камсыз кылуу жагы сунушталсын.
3. Шаардын жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилериден, билим берүү уюмдарынын жетекчилериден, жергиликтүү жамаатарынын мүчөлөрүдөн, ата энелерден окуучу балдардын жашоосу, окуусу учун шарттарды түзүүгө, алардын ден соолугун чындоого, эмгекке, мээримдүүлүккө, боорукерликке, эне тилди, каада салтты сыйлоого тарбиялоо жагы талап кылынсын.
4. Шаардагы орто мектептердин, балдар бакчаларынын окуу базаларын түзүүгө, таза сууну жана тазалыгын камсыз кылууга, жетим жана жакыр үй бүлөлөрдүн балдарынын окуу шарттарын түзүүгө көмөк көрсөтүү жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |