Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) VI сессиясы
2017-жылдын 08-сентябры № 34
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзуна мүчөлүк төлөмдөрү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзуна мүчөлүк төлөмдөрү жөнүндө шаардык кеӊештин төрагасы Т. Азизбековдун жана шаардык кеӊештин уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, каада салт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун Уставынын 3,8 пунктунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзуна мүчөлүк төлөмдөр шаардын жашоочуларынын ар биринен жылына 1 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, каада салт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |