Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) VI сессиясы
2017-жылдын 08-сентябры № 35
Сүлүктү шаарынын 2018-2021жылдарга өнүгүү программасынын 2018-жылкы иш чаралары жана инвестициялык долбоору жөнүндө
Сүлүктү шаарынын 2018-2021жылдарга өнүгүү программасынын 2018-жылкы иш чаралары жана инвестициялык долбоору жөнүндө Сүлүктү шаардык мэриясынын 7-сентябрь 2017-жылдын №02-10/02-949 чыгыш сандуу катын, депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердикти өнүктүрүү жана өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин талаптарынын негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын 2018-2021- жылдарга өнүгүү программасынын 2018-жылга каралган иш-чаралары жана Сүлүктү шаарынын 2018-2021-жылдарга өнүгүү программасынын 2018-жылга каралган инвестициялык долбоорлору бекитилсин. (долбоорлор тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердикти өнүктүрүү жана өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча шаардык кенештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |