Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-майы № 22\3
Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2016-жылга киреше, чыгашасын жана жайыт пайдалануу тарифтерин бекитүү жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 8-беренесинин, Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын 4-беренесине ылайык жок болуп кетүү коркунучундагы жаныбарларды, өсүмдүктөрдү сактап калуу жана айлана-чөйрөнү коргоо, жайыттарды натыйжалуу, сарамжалдуу башкару боюнча Кара-Кулжа айылында 10.03.2016-ж. Сары-Камыш айылында 12.03.2016-ж, Биймырза айылында 09.03.2016-жыл жана 1-Май айылында11.03.2016-жылдагы өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколдук чечимдерин бекитүү жөнүндө.Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл аймагындагы Кара-Кулжа айылында 10.03.2016-жыл, Сары-Камыш айылында 12.03.2016-жыл, Биймырза айылында 09.03.2016-жыл жана 1-Май айылында11.03.2016-жылдагы өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколдук чечимдерин бекитилсин.
2. Кара-Кулжа жайыт пайдалануучулар бирикмесине 1-Май айылындагы Кара-Шак участогундагы Совхоз “Совет” учурда 1970-жылы курулган купканын оордуна АРИС долбоору менен биргеликте кура турган жаны купка курулушуна 35.0 сотых жер аянтын бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Абдыкадыров |