Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-майы № 22\4
«Сур-Таш» ИСКАКБнын 2016-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн жана таза-суу пайдалануучулардын таза-суу пайдалануу тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
«Сур-Таш» ИСКАКБнын 2016-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана таза-суу пайдалануучулардын таза-суу пайдалануу тарифтери жөнүндө «Сур-Таш» ИСКАКБнын торагасы М.Эгембердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Сур-Таш» ИСКАКБнын 2016-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 4.506.663 сомго жана чыгаша бөлүгү 4.506.663 бекитилсин.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагында таза –суу пайдалануучуларга 2016-жылга таза-сууну көчөдө пайдалангандар бир жанга айына 12 сом, короодо пайдалангандарга бир жанга айына 20 сом, бюджеттик мекеме уюмдар 1м3 таза-сууну пайдалануу учун 14 сом, жеке ишкерлер (ашкана, мончо,авто жуучу жайлар) 1м3 таза суу пайдалануу учун 27 сом тариф өлчөмү бекитилсин.
3. «Сур-Таш» ИСКАКБ ар бир таза –суу пайдалануучу менен келишимдерди түзүшсүн жана «Сур-Таш» ИСКАКБнын жобосуна ылайык «Кудук» жааматтарын түзүүнү жетекчиликке алышсын.
4. Үзгүлтүксүз сапаттуу таза-суу менен таза–суу пайдалануучулардын керектөөсүн канаттандыруу жагы «Сур-Таш» ИСКАКБнын төрагасы М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Абдыкадыров |