Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясы
2016-жылдын 16- декабры № 4/9
" Авлетим айылдык аймагынын ардактуу жараны" наамын ыйгаруу жөнүндө
Айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу туруктуу комиссиясынын төрагасы К.М. Шабдановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ырчы жана обончу Сатибеков Гүлжигит Назаркуловичке "Авлетим айылдык аймагынын ардактуу жараны" наамы ыйгарылсын.
2. Ардактуу наамды тастыктоо иретинде атайын баракча-күбөлүк даярдалып Сатибеков Гүлжигит Назаркуловичке салтанаттуу тапшырууну уюштуруу Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө "Социалдык маселелер" боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.М. Шабдановго жүктөлсүн.
Төрага | С.Ибраимов |