Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясы
2016-жылдын 29- декабры № 5/2
Авлетим айыл аймагынын айрым атуулдарына "Ардактуу атуулу" наамдарын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча: айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.М. Шабдановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырлышынын V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №5 А.Кабаев атындагы Авлетим жалпы орто билим берүү мектебинин директору, Коргон айылынын тургуну Жапашов Нуркул Жээнбаевичке "Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны" жана мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Дооранов Камбаралы Маматовичке "Авлетим айылынын ардактуу жараны" наамдары ыйгарылсын.
2. Ардактуу наамдардын ыйгарылышын тастыктоо иретинде атайын баракча-күбөлүк жана лента даярдап, тийиштүү атуулдарга салтанаттуу тапшырууну уюштуруу Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Абдырамановго милдеттендирилсин. Баракча - күбөлүккө айылдык кеңештин төрагасынын жана айыл өкмөтүнүн башчысынын колдору коюлсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.М. Шабдановго жүктөлсүн.
Төрага | С.Ибраимов |