Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин кезектеги 6- сессиясы
2017-жылдын 3-февралы № 6/2
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтеринин сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин киреше-чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү жана кошумча киргизүү менен-10050,0 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
2. Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 5261,7 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
А).Теңдештирме грант -4251,7 миң сом
Б).Салыктык кирешелер 1010,0 миң сом деп,анын ичинен атайын каражат 150,0 миң сом болуп бекитилсин.
Мунун ичинен
1.АУП-3295,5 миң сом
2.Маданият-146,2 миң сом
3.Билим берүү-1670,0 миң сом
4.Жеңилдиктер-150,0 миң сом деп бөлүнсүн.
Кассада накталай акча каражат 30,0 миң сом өлчөмдө сакталсын.
3. Айыл өкмөтүнө бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды лимиттен чыкпай үнөмдүү жана сапаттуу пайдалануу,ысырапкорчулукка жол бербөө жагы,ФЭБ башчысы Ж.Саятчиновага тапшырылсын.
4. Биринчи кезекте корголгон статьялар каржылансын-эмгек акы,соц.фонд,коммуналдык чыгымдар,тамак-аш,жеңилдиктер жана башка статьялар.
5. Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинин киреше-чыгаша долбоору 5470,3 миң сом теңдештирме грант-4426,3 киреше-1044,0 жана 2019-жылга 5770,3 миңсом теңдештирме грант-4686,3 киреше-1084,0 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Кызыл-Жылдыз айыл өкмөт башчысы Б.Кыдырмаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.Нусупов |