Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3- февралы№ 6/4
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы ИСКАКБ нын бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айылынын жалпы тургундарына ичүүчү таза суу үчүн болгон төлөмдөрү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин
-Кызыл-Жылдыз айыл аймагында ичүүчү таза суу үчүн 1 айда бир кишиге 15 (он беш)сом төлөнсүн.
-таза сууну, менчик үйүнө киргизип алган үй-бүлөлөөрдүн жан башына 30(отуз) сомдон төлөнсүн.
-таза сууну менчик огородуна киргизип алууга,бир жолку уруксаат алуу үчүн 3000 (үч миң) сом төлөнсүн.
-таза сууну эч кандай уруксатсыз менчик огородуна киргизип алган үй ээсине 3000 (үч) миң сом айып салынсын.
2. Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы ИСКАКБ нын кызматкерлеринин эмгек акысы төмөндөгүдөй бекитилсин.
-ИСКАКБ нын башчысынын эмгек акысы-5000(беш) миң сом.
Бухгалтеринин эмгек акысы-3000 (үч) миң сом
Кароолчунун эмгек акысы-1000(бир ) миң сом болуп бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кызыл-Жылдыз айыл өкмөт башчысы-Б.Кыдырмаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Бейшенкулов |