Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин кезектеги 6- сессиясы
2017-жылдын 3- февралы № 6/5
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Жылдыз айылдык кещешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы мал баккан чабан-бадачылар мал баккандыгы үчүн айына
Бодо малга-300 сомдон
Жандык малга-30 сомдон акы ала турганы белгиленсин.
Жайыт комитетине жайыт акысы үчүн (жайыт налогу ичинде) бир жылга
Топозго-100 сомдон
Уй-жылкыга-70 сомдон
Кой-эчкиге -15 сомдон төлөнсүн
Чабан- бадачылардын жайлоого 1-июндан кеч эмес,жайлоодон 1-октябрдан эрте эмес көчүүсү эскертилсин.
2. АРИС долбоорунан 3-траншка келе жаткан акча каражатына өздүк салым үчүн бюджеттен 180 мищ сом жайыт комитетине бөлүнүп берилсин.Калган акча каражатты жайыт комтитети тарабынан камсыз кылынсын.
3. АРИС долбоорунан келе турган 3-транштагы акча каражатына «Ветсервис» куруу үчүн ылайыктуу жерди аныктап,чечим чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.2016-жылы жайыт комитетине келген трактор-экскаватор айылдын таза суу тармагы үчүн жана жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн (канал,жол)иштесе,элден же таза-суу тармагынан жумуштун көлөмүнө жараша күйүүчү майы куйулуп,трактористин эмгек акысы райондук орточо эмгек акы тарифинде төлөнсүн.
Төрага | Н.Бейшенкулов |