Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин кезектеги 6- сессиясы
2017-жылдын 3-февралы№ 6/6
«НУР Телекомго» 16 кв.м. жайытка жарабаган таштак жерден (Кара-Жээк участогунан) 2 жыл 11 айга, жер бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз жайыт комитетинин төрагасы-Д.Өмүрзаковдун сунушун угуп жана талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын көпчүлүк добушу менен Кара-Жээк участкасынан «Нур Телекомго» жайытка жарабаган жерден 16 кв.м. жер, 2 жыл 11 айга ижарага берилсин.
2. Ижарага берилген күндөн баштап, аренда акысын өз убагында төлөп туруу, айланасын таза кармоо, айылда жашаган жарандар менен ынтымакта иш алып баруу, алардан кызыкчылыгы менен эсептешүү «Нур Телекомго» милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун негизинде чечим жана келишим түзүү, Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын жайыт комитетине жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: Б.Кыдырмаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Бейшенкулов |