Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-майы № 23\1
№ 2 он мандаттуу Совет шайлоо округунан айылдык кеңешинин депутаты, депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы Абдыкадыров Абдырасул Бектемировичтин депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн 29.04.2016-жыл № 12 \ 1 “Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмунун башкы адистигине Абдыкадыров Абдырасулду дайындоо жөнүндөгү” буйругуна байланыштуу жана депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Абдыкадыров Абдырасул Бектемировичтин берген арызын карап көрүп жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын № 22 “Депутаттык кызматын башка кызматтар менен айкалыштыруунун мүмкүн эместиги жөнүндөгү” беренесинин 5-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 2 он мандаттуу Совет шайлоо округунан айылдык кеңешинин депутаты, депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы Абдыкадыров Абдырасул Бектемирович Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси болуп дайындалгандыгына байланыштуу, депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. № 2 он мандаттуу Совет шайлоо округунан айылдык кеңешинин депутатынын бош оордуна талапкерлердин ичинен шайлоодо көп добуш алганын депутаттыкка каттап берүү жана ушул токтомду бекитип берүү жагы Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А.Мойдунова |