Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин кезектеги 6- сессиясы
2017-жылдын 3-февралы № 6/8
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы Күчүк сарайынын күн чыгыш тарабында жайгашкан эски,чөп жыйноочу жайга(сено вал) ветклиника куруу жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы-Б.Кыдырмаевдин жана айыл тургундарынын Күчүк сарайынын күн чыгыш тарабында жайгашкан эски,чөп жыйноочу жайга ветклиника куруу үчүн кайрылуусун угуп,Кызыл-Жылдыз айылдык кещешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айылындагы Күчүк сарайынын күн чыгыш тарабында жайгашкан эски чөп жыйноочу жайга вет клиника куруу, Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы-Б.Кыдырмаевдин жана айыл тугундарынын кайрылууларына ылайык уруксат берилсин.
2. Ветклиника курууга тиешелүү документтерин топтоо мыйзам чегинде жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: Б.Кыдырмаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Бейшенкулов |