Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин кезектеги 6- сессиясы
2017-жылдын 3-февралы № 6/9
И.Модубаев көчөсүнүн жээгиндеги ,бактарды кыюуу жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы-Б.Кыдырмаевдин жана айыл тургундарынын И.Модубаев көчөсүндөгү жол жээгиндеги жайгашкан бак-дарактарды кыюуу жөнүндө кайрылуусун угуп,Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айылындагы И.Модубаев көчөсүндөгү бак-дарактарды кыюуу, айыл тургундарынын арызына жана Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы-Б.Кыдырмаевдин кайрылууларына ылайык уруксат берилсин.
2. Бак-дарактарды кыйууга уруксат кагаздары мыйзам чегинде жүргүзүлсүн.
3. Бак-дарактардын санын аныктап чыгуу,баалоо жана сатуу боюнча комиссия курамы түзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: Б.Кыдырмаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Бейшенкулов |