Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин кезектеги 7- сессиясы
2017-жылдын 19-апрели № 7/3
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы Балыкчы-Жалалабад жолунун боюна «Кызыл-Жылдыз айылы» деген белгини орнотуу жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап,айылдык кещештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айылы менен Көк-Ой айылынын чек арасына «Кызыл-Жылдыз айылы»деген чектик белгини орнотуу үчүн 2 (эки) м2 жер муниципалдык жерден бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жерди мыйзамдаштыруу, Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адис-А.Молдалиевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу, айыл өкмөт башчысы-Б.Кыдырмаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Бейшенкулов |