Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин кезектеги 7- сессиясы
2017-жылдын 19-апрели № 8/2
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы көчөлөрдү түздөп,оңдоп кум төгүү иштерин жүргүзүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен 140 миң сом акча каражаты көчөлөрдү оңдоого бөлүнсүн.
2.Көчөлөрдү оңдоого төмөндөгү курамда комиссия курамы түзүлсүн.
а).Н.Бейшенкулов-комиссиянын төрагасы
б).Т.Нусупов-комиссиянын мүчөсү
в).Р.Казыбаев- комиссиянын мүчөсү
г)З.Чаликов- комиссиянын мүчөсү
д).Т.Жусуев -комиссиянын мүчөсү
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жагы, ФЭБ башчысы-Ж.Саятчиновага жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу, айыл өкмөт башчысы-Б.Кыдырмаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Бейшенкулов |