Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (төртүнчү чакырылыш)
2017-жылдын 6-марты № 62
2016-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык–экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин иш-планына ылайык 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын социалдык–экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчетун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кенешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 13-февралындагы №3-токтомун эске алып, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлеринин, сунуштарынын негизинде, Ош шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын социалдык–экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А. Кадырбаев):
-Ош шаарын 2016-2020-жылдарда өнүктүрүүнүн Программасында каралган иш-чараларды өз убагында так, сапаттуу аткаруусун камсыздоо;
-сырткы жана ички инвестицияларды тартуу боюнча так иш-чараларды иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу;
-жергиликтүү ишканаларды колдоо боюнча иш чараларды иштеп чыгуу жана кичи жана орто бизнести өнүктүрүү;
-жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында салык жана салык эмес жыйымдардын план тапшырмасын 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ашыкча аткаруусун камсыз кылуу жана салык базасын кеңейтүү;
-муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөн түшүүчү кирешелердин көлөмүн көбөйтүү жана алардын резервдерин тактоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
-каржылык тартипти жана көзөмөлдү күчөтүү;
-Ош шаарында эркин экономикалык аймак ачуу боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүү;
-Ош шаарында ички мигранттардын так санын аныктоо жана аларды каттоо боюнча тиешелүү органдар менен иш алып баруу;
-шаарда иш жүргүзгөн базарлардан жергиликтүү бюджетке киреше түрүндөгү төлөмдөрүн түшүүсүн, сатуучуларга түзүлгөн шарттарын кароо жана өз алдынча иштеп жаткан базарларды иретке келтирүү боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу;
-Ош шаарынын коммуналдык чарбасын эффективдүү иштетип, анын калкка кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын жакшыртуу;
-Ош шаарында республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуучу социалдык обьектердин курулушун өз убагында аяктоо;
-Ош шаарында шаар тургундарын социалдык турак-жай менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү жумуштарды аткаруу;
-Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жумуштарды улантуу мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү;
-Ош шаарында билим берүү жана саламатыкты сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо;
-социалдык жактан аз камсыз болгон жараандарга, пенсионерлерге социалдык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) тапшырылсын.
Төрага | Ж.Ормонов |