Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (IV чакырылыш)
2017-жылдын 6-марты № 65
Ош шаарында маданият тармагын өркүндөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Осмоновдун жана Ош шаарынын маданият башкармалыгынын башчысы Т.Досбаевдин Ош шаарында маданият тармагын өркүндөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Осмоновдун жана Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Т.Досбаевдин Ош шаарында маданият тармагын өркүндөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматтары эске алынсын.
2.Ош шаарында маданият тармагын өркүндөтүү боюнча алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
3.Ош шаардык мэриясына (А.Кадырбаев):
-маданият башкармалыгынын жана борбордоштурулган китепкананын ишмердиктерин көзөмөлгө алуу жана аларда орун алган көйгөйлөрдү чечүү;
-шаардын тургундарын ыйманга, адепке үндөгөн маданий программаларга болгон көрүүчүлөрдүн табитин калыпка салуу үчүн маданий мекемелеринде көрсөтүлүүчү спектаклдердин, концерттердин, кинолордун, жолугушуулардын, конференциялардын, көргөзмөлөрдүн жана гастролдук көрсөтүүлөрдүн мазмундарын толук көзөмөлгө алуу;
-маданият башкармалыгынын кызматкерлеринин жана башкармалыктын алдындагы чыгармачыл-тейлөөчү топтун мүчөлөрүнүн айлык акыларына жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча акы төлөп берүү;
-маданият башкармалыгына Т.Сатылганов атындагы паркта жайгашкан жайкы театрды өткөрүп берүү;
-Ош шаарында жыл сайын эл аралык этномаданият фестивалын өткөрүү;
-Ош шаардык маданият башкармалыгынын жана шаардык борбордоштурулган китепкананын материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүү маселелерин карап чыгуу;
-Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан шаардын бардык аймактык кенештеринде жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын айылдарында маданий иш чаралардын такай өткөрүлүп турулуусун камсыздоо сунушталсын.
5.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Б.Астанакулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын
(А.Эргашева).
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Осмонов) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |