Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (IV чакырылыш)
2017-жылдын 6-марты №66
Ош шаарынын аймагында жайгашкан кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 7-декабрындагы №490/08-6 «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндөгү» катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 20-февралындагы №2-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жана Ош шаарынын Башкы планында көрсөтүлгөн жер пайдалануу багыттарын (зоналарын) сактоо шарты менен Ош шаарынын №1 «Туран» аймактык кеңешинин Латипжанов көчөсү №107 дарегиндеги, Х.Юлдашевага таандык, 609,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «ар түрдүү, калктуу конуш» багытынан «жеке турак жай» багытына которууга макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) жогоруда аталган жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүүдө тиешелүү мыйзамдардын, архитектуралык, санитардык жана экологиялык шарттардын аткарылышын көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |