Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
ош шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (төртүнчү чакырылыш)
2017-жылдын 6-марты № 68
Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ш.Зулимовду ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Зулимов Шакир Мулашевич Ош шаарынын вице мэри болуп дайындалганына жана депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыргандыгына байланыштуу, анын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары кызмат ордунан бошотуу жөнүндөгү арызын карап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 32-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Зулимов Шакир Мулашевич Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын акы алып иштөөчү орун басары кызматынан бошотулсун.
2. Токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Б.Астанакулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыксын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага тапшырылсын.
Төрага | Ж.Ормонов |