Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (төртүнчү чакырылыш)
2017-жылдын 6-марты № 70
Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарын шайлоо жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 26-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун сунушун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин «Кыргызстан социал-демоктратиялык партиясы» депутаттык фракциясынын мүчөсү Мирзаев Сухбатила Нематович Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайлансын.
2. Токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Б.Астанакулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыксын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага тапшырылсын.
Төрага | Ж.Ормонов |