Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-майы №23\3-а
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону уюштуруу учун эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоону уюштуруу максатында депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнү уюштуруу учун Эсептөө комиссиясынын 3 (уч) депутаттык курамдан жана төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
1. №2 он мандаттуу Совет шайлоо округунан айылдык кеңешинин депутаты Кадырова Нурайым Шеркуловна
2. №3 он мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунан айылдык кеңешинин депутаты Суранбаев Санжар.
3. №3 он мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунан айылдык кеңешинин депутаты Жоржоев Нуркамил.
2. Түзүлгөн эсептөө комиссиясы өз курамын комиссиянын төрагасын айласын жана шайлоо бюллетендерин таркатып. добуш берүү бүткөндө шайлоо бюллетендерин эсептеп, тиешелүү жыйынтыгын депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин сессиясынын жыйынына сунуш кылышсын.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А.Мойдунова |