Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
.
Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXXХХI-сессиясы
2016-жылдын 20-апрели №51/4
Чал-Таш айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеёеши Чал-Таш айылынын тургундарынын кайрылуусун карап, каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуну эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чал-Таш айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында 2016-жылдын экинчи жарым жылдык иш чараларынын катарына киргизүү же башка жолун карап чечүү жагы Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
2. Сметаны түзүү жагы ММДнын башчысы Б.Искендеровко жана КПЭЖКХнын башчысы Р.Салаевка жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеёешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Бегалиев |