Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
.
Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXXХХII-сессиясы
2016-жылдын 30-майы №52/2
Кадамжай шаарынын аймагына заманбап жамааттык дааратканалардын курулушун жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө.
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын райондук өнүктүрүү фонду аркылуу шаардын аймагына эки даараткана куруу боюнча 2016-жылдын 26-майындагы № 396 катын жана шаардык кеңештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кадамжай шаарынын аймагына заманбап жамааттык эки даараткана курууга 806660 (сегиз жүз алты миң алты жүз алтымыш) сомду түзгөн сметалык долбоордун 50 % өздүк салым төлөө үчүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 406660 (төрт жүз алты миң алты жүз алтымыш) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |