Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз 53-сессиясы
2016-жылдын 6-июну №53/1
Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинин 2017-2018-2019-жылдарга божомолдуу планын бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши мэриянын 2017-2018-2019-жылга түзүлгөн бюджетинин болжомолду планын бекитүү жөнундө каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы М.Жумаматовдун 2017-2018-2019-жылдарга болжолдуу план «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга Республикалык бюджеттери жөнүндө №371/ 4» мыйзамдардын негизинде түзүлүп, сунушталып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин жана каржы, бюджет жана плдандоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кадамжай шаарынын 2017-жылга бюджетинин киреше бөлүгүн 49837,3 миң сом, 2018-жылга - 51023,3 миң сом, 2019-жылга - 52948,6 миң сом өлчөмүндө жактырылсын.
2. Кадамжай шаарынын 2017-2018-2019-жылдарга киреше бөлүгүнүн болжолдуу планы №1 тиркемеге ылайык аныкталсын. (№1 тиркеме тиркелет)
3. 2017-2018-2019-жылдарга Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинен каржылануучу мекеме-ишканалардын жылдык бюджети №2 тиркемеге ылайык аныкталсын. (№2 тиркеме тиркелет)
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |