Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз 53-сессиясы
2016-жылы 27-июну №53/2
Кадамжай шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйналышынын сунушунун негизинде шаардык кеңеш төмөнкүлөрдү белгилейт:
1. 2016-жылдын 20-июнунда Охна – Кызыл-Булак аялдамасынын аймагында жайгашкан соодагерлер Фрунзе эстелигинин тушундагы айланпага жылдырылган.
Кадамжай борбордук базарына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо Министирлигинин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын Кадамжай райондук бөлүмү тарабынан 2013-жылдын 23-апрелинде, 2014-жылдын 14-июлунда, 2015-жылдын 1-декабрында базардагы эскилиги жеткен, кооптуу абалда турган навестерди жаңылап, сатуучуларга санитардык нормалар боюнча шарт жаратып берүү жагы базардын башчысы Абдыкалыкова Бурулга сунушталган.
2. Кадамжай шаарынын Береговая көчөсүндөгү 2300 ч.м. жер бөлүгүндө жайгашкан ачык “бассейнди” Аманова Кутбинса 2011-жылдын 2-августунда сатып алган. Ак-Суу дарыясынын жээги жана элдер пайдаланып жүргөн муниципалдык жол тосулган абалда турат.
3. Кадамжай шаарындагы Охна - Кызыл-Булак аялдамасынын бет маңдайына 3 контейнер орнотулган.
4. 2014-жылы июль айында Кадамжай-Айдаркен жолунун КСК ААКнун батыш тарабындагы участкасын кеңейтүү максатында жергиликтүү бюджеттен 400 миң акча каражаты ажыратылып, жол кеңейтилген. Учурда кеңейтилген жерлерге контейнерлер жайгаштырылып, курулуш иштери жүргүзүлүп жатат, Кызыл-Кыя шаарынын жана Кадамжай районунун экотехинспекциясы тарабынан эскертүү берилгендигине карабастан.
Жогорудагылардын негизинде Кадамжай шаардык кеңеши
1. Кадамжай шаарынын аймагында жол коопсуздугун сакталышын, сатуучуларга жана сатып алуучуларга шарт жаратып берүү максатында шаардагы мөмө-жемиш базарын авариялык абалын эске алуу менен шаардагы борбордук мөмө-жемиш базарындагы соодагерлер жана айланпада жайгаштырылган соодагерлер шаардын аймагында иштеп жаткан башка
базарлардын короосуна жылдырылып, айланпанын тосмолорун калыбына келтирүү жагы шаардын мэри Т.Камбаровко тапшырылсын.
2. Береговая көчөсүндөгү 2300 ч.м. жерде жайгашкан ачык бассейндин жер участкасынын привязкасында көрсөтүлгөн чектештердин баяндамасына ылайык Вдан Гга чейин Кадамжай поселкалык башкаруусунун жери жана Здан Ага чейин дарыя жээги, (Ак-Суу дарыясы) чектердеги жерлерден тосмолор алынып, жол жана Ак-Суу дарыясынын жээги ачылсын.
3. Охна – Кызыл-Булак аялдамасына мыйзамсыз орнотулган контейнерлер тез арада алынышы боюнча ээлерине эскертүү берилсин. Эгерде контейнерлердин ээлери аткаруудан баш тартышса укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилсин.
4. Кызыл-Кыя шаарынын жана Кадамжай районунун экотехинспекциясы тарабынан 2016-жылдын апрель-май айларында берилген эскертүүлөргө карабастан КСК ААКнун батыш тарабындагы Охна – Кызыл-Булак аялдамасынын бет маңдайындагы Кадамжай-Айдаркен жолунун боюнда жогорку чыңалуу 110 киловольт электр линиясынын астында курулуштар токтотулбай, коюлган контейнерлер алынбагандыгына байланыштуу мэриянын тийиштуу жетекчилерине депутаттар тарабынан эскертүү берилсин.
5. Токтомдун 1, 2, 3, 4-беренелеринде көрсөтүлгөн сунуштарды (2016-жылдын 1-июлунан 7-июлуна чейин) бир жумалык мөөнөттө аткаруу жагы шаардын мэри Т.Камбаровко, вице-мэр Ч.Тагаевке, ММБ башчысы Б. Искендеровко милдеттендирилсин.
6. Токтом бир жумалык мөөнөттө аткарылбаса тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |