Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз 53-сессиясы
2016-жылдын 27-июну №53/3
Шаардык кеңештин депутаттык тобунун сунушун карап, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине негизинде Кадамжай шаардык кеңеши
1. Кадамжай шаарынын маданий агартуу жана тарыхый баалуулугу бар, коомдук пайдалануудагы жерлерге (тратуарлар, көпүрөөлөр, шаардын ички жолдору, аялдамалар ж.б.) 2016-жылдын 27-июнунан жеке жактарга берүүгө мораторий киргизилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтормдун аткарылышы шаардын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |
Кадамжай шаардык кеңешинин
2016-жылдын 27-июнундагы
53-сессиясынын 53/3- токтомуна тиркеме.
Кадамжай шаардык мэриясынын балансында турган маданий жана тарыхый эстеликтер, коомдук пайдалануудагы жерлердин тизмеси.
1. Аталар комплекси
2. Полот хандын эстелиги
3. М.В.Фрунзе эстелиги
4. Афган ардагерлер эстелиги
5. Баткен ардагерлер эстелиги
6. Чернобыль апааты эстелиги
7. Азирети-Али комплекси
8. Ж.Мамажанов атындагы маданият үйү
9. А.Орозбековдун музейи
10. «Жаштык» кинотеатры
11. Сервитуттан кийинки жерлер, айланпалар
12. Коомдук пайдалануудагы жерлер (тратуарлар, көпүрөөлөр, шаардын ички жолдору, аялдамалар)
Кадамжай шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
А.Эшанкулова |