Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз 53-сессиясы
2016-жылдын 27-июну №53/4
Кадамжай шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна аукцион өткөрүү жөнүндө Кадамжай шаардык мэриясынын 2016-жылдын 7-июнунда 407 номери менен кириштелген кайрылуусун карап чыгып, Кадамжай шаардык кеңеши
1. Кадамжай шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлер ижарага же менчикке аукцион аркылуу берилсин.
2. Аукцион өткөрүү боюнча комиссия түзүлсүн. (тиркеме тиркелет)
3. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |
Кадамжай шаардык кеңешинин 2016-жылдын 27-июнундагы 53-сессиясынын 53/4- токтомуна тиркеме
Кадамжай шаарына караштуу муниципалдык менчикте турган жер участокторуна аукцион жана конкурс өткөрүү боюнча комиссиянын курамы
1. Аманов Момунжан Сабырович - шаардык кеңештин депутаты.
2. Ураимов Эркин Нусуратиллаевич - шаардык кеңештин депутаты.
3. Маликов Мурзамамит - шаардык кеңештин депутаты.
4. Асанов Кубат - жер жана жерге жайгаштыруу боюнча адис.
5. Садыков Кубаныч - курулуш иштери боюнча жетектөөчү адис
Кадамжай шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | А.Эшанкулова |