Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз 54-сессиясы
2016-жылдын 18-июлу №54/4
Кадамжай шаардык кеңеши мэриянын 2016-жылдын I-жарым жылдыгына бекитилген план тапшырмага киреше булактарынан кошумча келип түшүүлөрүнүн негизинде 2016-жылдын I-жарым жылдык киреше планын көбөйтүү жөнүндө каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы М.Жумаматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин жана каржы, бюджет жана плдандоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кадамжай шаарынын 2016-жылдын I-жарым жылына бекитилген киреше бөлүгү 28353,0 миң сом, ал эми кошумча булактардан түшкөн киреше 3460,1 миң сомду түзөт, 2016-жылдын I-жарым жылдыгына 31813,1 миң сом өлчөмүндө жактырылсын.
2. Кадамжай шаарынын 2016-жылдын I-жарым жылынын киреше бөлүгү 31813,1 миң сом №1 тиркемеге ылайык аныкталсын. (№1 тиркеме тиркелет)
3. Кадамжай шаарынын 2016-жылдын I-жарым жылынын чыгаша бөлүгү 31813,1 миң сом №2 тиркемеге ылайык аныкталсын. (№2 тиркеме тиркелет)
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев
|