КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин жыйырма үчүнчү сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 21-майы № 23\4
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 3- протоколун бекитүү жана депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын шайлоонун жыйынтыктары боюнча №3- протоколун угуп жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 22 жана 23 статьясынын талаптарына ылайык депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын, шайлоонун жыйынтыктары боюнча №3- протоколун бекитүү менен депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасы болуп №4 алты мандаттуу Биймырза шайлоо округунун депутаты Абдыкадыров Тынчтык Мамазамирович шайлансын.
2. Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасы өз милдетин коомдук башталышта аткарат.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А.Мойдунова |