Редакцияот 19.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги 56-сессиясы

 

2016-жылдын 19-августу №2

 Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинин 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылышы жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз-алдынча башкаруу ”жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинин 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылышы жөнүндө маалымат көнүлгө алынсын.

2. Шаардык кеңештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгында бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунушту даярдап келүү жагы шаардык мэриянын ФЭБнүн башчысы М.Жумаматовко милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б. Бегалиев