Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги 56-сессиясы
2016-жылдын 19-августу №3
Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун жана шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кайрылуусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык мэриясына Звездная көчөсүнүн күн чыгыш тарабынан ижарага берилип, турак жай курулган 0,25 га жер аянтын жайыт жеринен калктуу конуштар категориясына которууга уруксат берилсин.
2. Кадамжай райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармалыгынан ижарага берилип турак жай курулган жер аянтын жайыт жеринен калктуу конуштар категориясына которуу боюнча иш кагаздарын бүтүрүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев
|