Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-майы № 23\5
Кара–Кулжа айыл өкмөтүнун мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-3 “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү туралуу” токтомунун 3-бөлүгүнүн 21-бөлүмчөсүнүн негизинде Кара–Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара–Кулжа айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча төмөндөгү курамда комиссиянын курамы бекитилсин:-
1. Токтомушов Абдилкадыр:- депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, комиссиянын төрагасы (макулдашуу менен).
2. Кадыров Даныяр:- Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
3. Жороев Арзибек:- Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу.
4. Насирдинов Кадырали:- Айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселе боюнча башкы адиси .
5. Кадыр уулу Тыныбек:- Айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу,айыл чарбасы боюнча жетектөөчу адиси.
6. Жолдубаев Акмат:- райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлкко укуктарды каттоо башкармасынын адиси (макулдашуу менен).
7. Байышбек уулу Сыймык:-райондук архитектура ,шар курулуш бөлүмүнүн адиси (макулдашуу менен).
8. Шананов Абдылда:-райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын башкы адиси (макулдашуу менен).
9. Айдарбеков Дамирбек:- №1 тогуз мандаттуу 1-Май шайлоо шайлоо округунун айылдык Кеңешинин депутаты (макулдашуу менен).
10. Жумабаев Айтмамат:- №2 он мандаттуу Совет шайлоо шайлоо округунун айылдык Кеңешинин депутаты (макулдашуу менен).
11. Жоржоев Нуркамил:- №3 алты мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо шайлоо округунун айылдык Кеңешинин депутаты (макулдашуу менен).
12. Тиленбаев Аскат:- Айыл өкмөтүнүн юристи.
13. Кудайбердиев Сайдикадыр:- Биймырза айылынын айыл башчысы.
14. Бакыев Тагайкул:- Сары –Камыш айылынын айыл башчысы .
15. Алиев Эмил:- 1-Май айылынын айыл башчысы
2. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жерлеринин 1 га –чөп орунду жер 600сом, 1 га кайрак айдоо жер 1100сом, сугат айдоо жер 1 га –3000 сом жана бак 1 га жер аянты I категория -3000 сом (сугат жер), I I категория -2000 сом (кайрак айдоо жер), I I I категория -1100 сом (таштак жер) өлчөмүндө баштапкы баасы бекитилсин.
3. Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондусунун баардык жерлердин 20% берилишин камсыздашсын.
4. Жер аянтын максатка ылайык пайдалануу , курчап турган айлана чөйрөнү коргоо , чектеш жер тилкелердин ээлерин укуктарын бузбоо жана агын суу каналдарын , арыктарын тазалоо жагы жана келишимди аткаруу ижарачыга (арендаторго) милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамына тапшырылсын.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Абдыкадыров |