Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги 56-сессиясы
2016-жылдын 19-августу №8
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Оор турмуш шарттагы жана зордук зомбулукка дуушар болгон балдарга жардам берүү борборунун” жана үй-бүлөлүк жагдайдагы “Кут кадам” балдар үйүнүн кызматкерлеринин айлык маяналары шаардын бюджетинен төлөнүп берилбесин.
2. Жогорудагы борборлор мамлекеттик долбоордун негизинде түзүлгөндүктөн борбордун кызматкерлерине айлык маяналарын мамлекет тарабынан төлөнүп берилүүсүн сунуштоо жагы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б. Бегалиев
|