Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз 57-сессиясы
2016-жылдын 28-сентябры №9
Кадамжай шаарынын аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын жана калктын 2016-2017-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө
2016-2017-жылдын күз-кыш мезгилине карата шаардын аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын жана калктын даярдыгы боюнча шаардын мэри Т.Камбаровдун маалыматын угуп жана талкуулап Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровдун маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Мектептердин жана балдар бакчаларынын кышка даярдыгын бүтүрүү жана шаардын калкын көмүр менен камсыз кылуу максатында көмүр сатуучу жайларды уюштуруу жагы шаардын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев
|