Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз 57-сессиясы
2016-жылдын 28-сентябры №10
Шаардык кеңештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун жана Кадамжай өндүрүштүк пайдалануучу коммуналдык турак жай муниципалдык ишканасынын кайрылуусунун негизинде Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай өндүрүштүк пайдалануучу коммуналдык турак жай муниципалдык ишканасына өндүрүштүн жумуштарын жеңилдетүү үчүн суу ташуучу автоунаа, автовышка машинасын сатып алууга жана ар түрдүү ремонт иштери үчүн акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев
|