Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз 57-сессиясы
2016-жылдын 28-сентябры №12
Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун жана шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кайрылуусунун негизинде Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын ички чарбалык арыктарынын жана “Ак-Суу” дарыясынын коргоо зонасы мыйзамда аныкталган тартипте бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б. Бегалиев
|