Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-майы № 23\6
Кара-Кулжа айылынын М.Алиев көчөсүндө жайгашкан Э.Осмонов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасынын түндүк тарабынан жаны кичи футбол аянтчасынын курулушуна 11(он бир) сотых жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин, 5- «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тарибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү» бөлүмчөсүнө ылайык Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылынын М.Алиев көчөсүндө жайгашкан Э.Осмонов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасынын түндүк тарабынан жаны кичи футбол аянтчасынын курулушуна 11(он бир) сотых жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жер аянтынын ченемдик укуктук актыларын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Жороевге жүктөлсүн.
3. Кичи футбол аянтчасынын курулушунун архитектуралык пландоо шарттарын (АПЗ) даярдап берүү жагы райондук архитектура жана шаар курулуш башкармачылыгынан суралсын.
4. Э.Осмонов атындагы орто мектебинин 1996-жылы бүтүрүүчүлөр 20-жылдык юбилейине карата демөөрчүлүк көрсөтүп футбол аянтча (футбол газону) куруп жаткандыгына байланыштуу, демөөрчүлөр менен тыгыз иш алып баруу мектеп жетекчилигине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Токтомушовго тапшырылсын.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Абдыкадыров |