Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз 58-сессиясы
2016-жылдын 18-октябры №19
Кадамжай шаардык мэриясынын 2016-жылдын III кварталына кошумча түшкөн планын бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши мэриянын 2016-жылдын 9 айына бекитилген план тапшырмага киреше булактарынан кошумча келип түшүүлөрүнүн негизинде “2016-жылдын 9 айына киреше планын көбөйтүү жөнүндө” каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы М.Жумаматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин жана шаардык кеңештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын 2016-жылдын 9 айына бекитилген киреше бөлүгү 46245,4 миң сом, ал эми кошумча булактардан түшкөн киреше 8488,0 миң сомду түзөт. 2016-жылдын 9 айына 54733,4 миң сом өлчөмүндө жактырылсын.
2. Кадамжай шаарынын 2016-жылдын 9 айына киреше бөлүгү 54733,4 миң сом № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын. (№ 1 тиркеме тиркелет)
3. Кадамжай шаарынын 2016-жылдын 9 айына чыгаша бөлүгү 54733,4 миң сом № 2 тиркемеге ылайык аныкталсын. (№ 2 тиркаеме тиркелет)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б. Бегалиев
|