Редакцияот 13.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Таш Көмүр Шаардык Кеңешинин I-уюштуруу сессиясы XXVII- чакырылыш

 

2017-жылдын 13-январы №3

Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 37- беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын торагасы С.Бабатаевдин билдирүүсүн угуп, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXVII-чакырылышынын I-уюштуруу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутат Джумашев Асымкул Алыбекович Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы болуп шайлансын.

2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.

3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

Төрага

Джумашев А.А