ТоктомКүчүндө

Таш Көмүр Шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 13-январындагы №4 «Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын 2 (эки) орун басарын (коомдук башталышта) шайлоо жөнүндө» токтому

Редакция13.01.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТАШ КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Таш Көмүр Шаардык Кеңешинин I-уюштуруу сессиясы XXVII- чакырылыш

 

2017-жылдын 13-январы №4

Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын 2 (эки) орун басарын (коомдук башталышта) шайлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 38-беренесине ылайык Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын 2 (эки) орун басарын (коомдук башталышта) шайлоонун жыйынтыгы боюнча шаардык Кенештин төрагасы А.Джумашевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXVII-чакырылышынын I-уюштуруу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көпчүлүк коалициядан депутат Мамасалиева Асылкан Тажибаевна жана азчылык коалициядан депутат Шайдуллаев Расулбек Сагиналиевич Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын орун басарлары (коомдук башталышта) болуп шайлансын.

2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.

3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

Төрага

 

Джумашев А.А.