Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-майы № 23\7
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2016-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31 “Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин, 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” жана 5 «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тарибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү» бөлүмчөсүнө жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 33 беренесинин 2 “Тиешелүү аймактын социалдык-маданый инфраструктурасын өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” жана 3 “Өзүнүн аймагындагы экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долборлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндөгү отчетторду карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кеңешке киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөсүнө ылайык, депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо,коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 16.05.2016-жыл № 3 «Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2016-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 1-Май, Кара-Кулжа, Биймырза айылдарына бөлүнгөн акча каражаттарын, ремонтко которуу жөнүндөгү» протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңешинин социалдык- маданий, билим берүу, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо,коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 16.05.2016-жыл № 3 «Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2016-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 1-Май, Кара-Кулжа, Биймырза айылдарына бөлүнгөн акча каражаттарын, ремонтко которуу жөнүндөгү» протоколдук чечими бекитилсин жана Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2016-жыл бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. 1-Май, Кара-Кулжа, Биймырза айылдарына бөлүнгөн акча каражаттары 2215 статьясынан, катардагы ремонтко 22.21 статьясына которулсун.
3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жер аянтына жаныдан курулуп жаткан коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) имаратына айыл өкмөтүнүн өздүк салым катары 700.000 (жети жуз) мин сом, муниципалдык менчиктеги 1-Май айылында жайгашкан үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун имаратын оңдоого 230.000 (эки жүз отуз миң) сом жана Биймырза айылындагы муниципалдык менчиктеги элдик чайкананы катардагы ондоого 494.404 (төрт жүз токсон төрт мин, төрт жүз төрт) сом бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Жороевге жана депутаттардын Кара –Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Абдыкадыров |