Загрузка документа…
ТАШ КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш Көмүр Шаардык Кеңешинин кезексиз IV сессиясы XXVII- чакырылыш
2017-жылдын 1-марты №2
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин алдындагы туруктуу комиссияларды түзүү тууралуу шаардык Кенештин төрагасы А.Джумашевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХVII- чакырылышынын кезексиз 4 - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин алдындагы туруктуу комиссияларды түзүү тууралуу шаардык Кенештин төрагасы А.Джумашевдин маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин алдында төмөнкүдөй туруктуу комиссиялар түзүлсүн:
1) “Мандат, депутаттардын ишмердүүлүгү жана этикасы” боюнча;
2) «Мыйзамдуулук, укук тартиби, маалымдуулук жана коомдук демилгелүү уюмдардын иштери» боюнча;
3) «Экономикалык реформалоо, өзүн- өзү башкаруу жана финансылоо, аймактарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана бюджет» боюнча;
4) «Өнөр-жай, транспорт, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, айыл чарба жана энергетика» боюнча;
5) «Элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана туризм, маданият, улуттук салттар жана калкты социалдык жактан коргоо” боюнча.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомду аткаруу жагы шаардык кенештин аппаратына жүктөлсүн.
Төрага |
Джумашев А.А. |