Загрузка документа…
ТАШ КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш Көмүр Шаардык Кеңешинин кезексиз IV сессиясы XXVII- чакырылыш
2017-жылдын 1-марты №4
2017-жылга карата шаардык Кенештин иш планын бекитүү тууралуу шаардык Кенештин төрагасы А.Джумашевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХVII- чакырылышынын кезексиз 4 - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга карата шаардык Кенештин иш планын бекитүү тууралуу шаардык Кенештин төрагасы А.Джумашевдин маалыматын эске алынсын.
2. 2017-жылга карата шаардык Кенештин иш планы бекитилсин. (иш план тиркелет)
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага |
Джумашев А.А. |
“Бекитилди”
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин 01 март 2017-жылдагы
№4 токтомуна №1 тиркеме
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин
2017-жылга иш планы.
I. Шаардык Кенештин сессияларында каралуучу маселелер:
I-квартал
1. 2016-жыл ичинде шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо маселелери тууралуу шаардык мэриянын аткарган иштери боюнча шаардын мэринин отчету.
2. 2016-жыл ичинде салык жыйымдарынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетти толуктоодо салык инспекциясынын жүргүзгөн иштери боюнча салык инспекциясынын маалыматы.
3. Муниципалдык Менчик Департаментинин 2016-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу Муниципалдык Менчик Департаментинин отчету.
4. Шамалды-Сай шаарчасынын аймактык башкармалыгынын жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктары жана насостук станциялардын абалы тууралуу маалыматы.
5. 2017-жылга шаардын бюджетинин долбоорунун түзүлүшү жөнүндө.
II-квартал
1. 2018-жылга шаардын бюджетинин долбоорунун алгачкы божомолу жөнүндө.
2. Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери жөнүндө.
3. Коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн аткарган иштери тууралуу маалыматы.
III-квартал
1. Шаардын социалдык экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2017-жылдын 1-жарым жылында аткарылышы боюнча шаардык мэриянын отчету.
2. 2017-жылдын 1-жарым жылында салык жыйымдарынын аткарылышы тууралуу шаардык салык инспекциясынын маалыматы.
3. Шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2016-жыл ичинде жана 2017-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери тууралуу маалыматы.
IV-к в а р т а л
1. Шаардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы жөнүндө.
2. 2018-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча шаардык мэриянын программасы жөнүндө.
3. 2018-жылга карата шаардык Кенештин иш планын бекитүү жөнүндө.
4. Шаардык Кенештин төрагасынын жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчету.
I.Шаардык Кенештин аппаратынын Кенешмесинде каралуучу маселелер
1. Шаардык Кенеште кабыл алынган токтом, буйруктардын жана шаардын тургундарынан түшкөн арыз, каттардын аткарылышы.аткарылышы: ар дайым.
2. Кенештин алдындагы туруктуу комиссиялардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана алардын аткарган иштерине анализ беруу.аткарылышы: квартал сайын.
3. Шаардын тазалыгын сактоо жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча шаардык коммуналдык чарбаларынын, муниципалдык менчик департаментинин иштерине көзөмөлдүк кылуу. аткарылышы: ар дайым.
II.Шаардык Кенештин уюштуруу массалык иштери.
1. Шаардык депутаттардын (депутаттык фракциялардын) шайлоочуулар менен отчеттук чогулуштарын уюштуруу. аткарылышы: жылына бир жолу
2.Туруктуу комиссияларлардын иш арекетерин күчөтүү максатында семинардык окууларды өткөрүү. аткарылышы: жылына бир жолу
3.Шаардын аймагында жашылдандыруу, көрктөндүрүү, тазалоо, иштерин жүргүзүү. аткарылышы: ар дайым.
4. Даталуу күндөрдү белгилөө жана өткөрүү.