Загрузка документа…
ТАШ КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш Көмүр Шаардык Кеңешинин кезексиз V сессиясы XXVII- чакырылыш
2017-жылдын 15-марты №1
Шаардык мэриянын 06.03.2017-жылдагы «Айыл чарбасына арналбаган жерлердин зоналдык Кз коэффициентин бекитүү» тууралуу №01-14/315 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы К.Камытовдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII- чакырылышынын кезексиз 5– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 06.03.2017-жылдагы «Айыл чарбасына арналбаган жерлердин зоналдык Кз коэффициентин бекитүү» тууралуу №01-14/315 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы К.Камытовдун маалыматы эске алынсын.
2. 2017-жылга Таш-Көмүр шаарынын жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарчаларынын аймактарында калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгы үчүн колдонуучу зоналдык «Кз» коэффициенти 2017-жыл үчүн 1.2 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын коэффициенти 2017-жыл үчүн 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына ( К.Камытов) жүктөлсүн.
Төрага |
Джумашев А.А. |