Загрузка документа…
ТАШ КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш Көмүр Шаардык Кеңешинин кезексиз V сессиясы XXVII- чакырылыш
2017-жылдын 15-марты №4
Шаардык мэриянын 03.03.2017-жылдагы “2017-жыл үчүн суунун тарифин карап берүү” тууралуу №01-14/310 кайрылуу каты боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Бабатаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXVII- чакырылышынын кезексиз 5 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 03.03.2017-жылдагы “2017-жыл үчүн суунун тарифин карап берүү” тууралуу №01-14/310 кайрылуу каты боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Бабатаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаары боюнча 2017-жыл үчүн суунун тарифи калкка 1 м3 х 8 сом 24 тыйын, бюджеттик мекемелерге жана өндүрүштүк ишканаларга 1 м3 х 15 сом 12 тыйын, жеке ишкерлереге 1 м3 х 30 сом 00 тыйын өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу жана шаардын тургундарына массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы «Суу чарба» мекемесине (Э.Кулуевге) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык Кенештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С.Бабатаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Джумашев А.А. |