Загрузка документа…
ТАШ КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш Көмүр Шаардык Кеңешинин кезексиз V сессиясы XXVII- чакырылыш
2017-жылдын 15-марты №5
Шаардык мэриянын 03.03.2017-жылдагы “Шаар аймагындагы бодо малдарды идентификациядан өткөрүүдөгү жумуштарга, керектелүүчү биркаларга коюлган бааларды мыйзамдаштыруу” тууралуу №01-14/299 кайрылуу каты боюнча шаардык Ке=ештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Бабатаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII- чакырылышынын кезексиз 5 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 03.03.2017-жылдагы “Шаар аймагындагы бодо малдарды идентификациядан өткөрүүдөгү жумуштарга, керектелүүчү биркаларга коюлган бааларды мыйзамдаштыруу” тууралуу №01-14/299 кайрылуу каты боюнча шаардык Ке=ештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Бабатаевдин маалыматы эске алынсын.
2. “Шаар аймагындагы бодо малдарды идентификациядан өткөрүүдөгү жумуштарга, керектелүүчү биркаларга коюлган бааларды мыйзамдаштыруу жөнүндө” маселе боюнча келтирилген сунуштарды эске алып, тиешелүү иш кагаздарын тактап чыгуу үчүн кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С.Бабатаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Джумашев А.А. |