Загрузка документа…
ТАШ КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш Көмүр Шаардык Кеңешинин кезексиз V сессиясы XXVII- чакырылыш
2017-жылдын 15-марты №6
Шаардык мэриянын 24.01.2017-жылдагы «Муниципалдык менчикте турган №4-байланыш бөлүмүнүн имаратын “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Таш-Көмүр шаардык филиалынын балансына өткөрүү» тууралуу №01-14/127 кайрылуу каты боюнча “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Бабатаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXVII- чакырылышынын кезексиз 5– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 24.01.2017-жылдагы «Муниципалдык менчикте турган №4-байланыш бөлүмүнүн имаратын “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Таш-Көмүр шаардык филиалынын балансына өткөрүү» тууралуу №01-14/127 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Бабатаевдин маалыматы эске алынсын.
2. “Муниципалдык менчикте турган №4-байланыш бөлүмүнүн имаратын “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Таш-Көмүр шаардык филиалынын балансына өткөрүү жөнүндө” маселе боюнча келтирилген сунуштарды эске алуу менен тиешелүү иш-кагаздарын тактап чыгуу үчүн кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына ( С.Бабатаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Джумашев А.А. |